Жарандарга бизнес ачып берем деп ири суммадагы акчага алдап кеткен 43 жаштагы аял Москвада кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаардык укук коргоо органдары менен биргеликте жарандарды ири суммадагы акчага алдап кеткени үчүн издөөдө жүргөн аялды кармашты. Издөөдө жүргөн аял Москва шаарынан кармалганын ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.

"Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1976-жылы туулган Д.А. аттуу тургуну Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (эски кодекс) боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн. Ал 2012-жылдан 2014-жылга чейин адамдардын ишенимине кирип, бизнес ачып берем деп убада берип, акчасын, унаасын алып качып кеткен. Бир эле жаранга келтирилген чыгым 5 миллион 150 миң сомдү түзгөн. Бул каражаттар бүгүнкү күнгө чейин кайтарылган эмес.

Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө алып келүү боюнча маселелер сүйлөшүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurka_85
2019-07-03 09:58:26
Бетин ачып койгула, дагы жабыркагандар бардыр.
+4
Muratmipa
2019-07-03 14:20:12
Ушугу окшогондорго ишенген озунор тоок меесинер ким азыр бироого иштеп бермек и и тем более бизнес ачып берет имиш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан