Бүгүндөн баштап Бишкектеги Кулатов көчөсүнүн айрым бөлүгү убактылуу жабылат

Бүгүн, 3-июлдан баштап Бишкектин Кулатов көчөсү убактылуу жабылды. Мындай маалыматты "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди.

"Магистралдык жылуулук тармагындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Кулатов көчөсүнүн Панфилов жана Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды. Транспорт каражаттары Панфилов жана Л.Толстой көчөлөрү менен каттайт", - деп жазылат маалыматта.

"Бишкек жылуулук тармагы" келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан