Бишкектин борборунда сабалган чет элдик жаран комада жатат (видео)

Кечээ, 2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Анда жерде кыймылсыз жаткан жаранга көптөгөн адамдар жардам көрсөтүп, суу куюп жатканын көрүүгө болот.

"Окуя саат 16:30дар чамасында болгон, биздин мекендешибиз чет элдик жаранды сабап салды. Алган жаракатынан улам ал комага түшүп калды, жакындары менен байланышуу мүмкүн болбой жатат", - деп жазылат маалыматта.

Аталган видео боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, териштирүү иштери жүрүп жатканын айтып, төмөндөгүлөрдү билдиришти:

"2-июль күнү саат 17:30да Улуттук госпиталдан 102 кызматына 1985-жылы туулган Т.А. аттуу жаран оор абалда түшкөнүн билдиришкен. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Жабырлануучу эсине келе элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Алдын ала маалыматтар боюнча, сабалган жаран Бишкектеги тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору Т.Абубакар экени айтылууда.

Борбордо сабалган чет элдик жаран
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kechirmeni
2019-07-03 10:40:26
Кыргызым, ким элен, ким болуп баратасын?
+9
Sabyr_Baymatov
2019-07-03 11:07:18
Мына сага коопсуз шаар
+2
Kaary
2019-07-03 12:15:02
ХХХХХХХ таап жазасын бериш керек! Эркек болуп уруп, катын болуп качып кеткенин?!
+2
admin_media
2019-07-03 12:55:15
Anaraalieva, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
+1
futboler
2019-07-03 13:00:23
Күйөө балдардын бирөөсү да
+2
Shabi
2019-07-03 13:38:13
Кээде кыргыздар ушинтип слишком патриот болуп,жапайчылык кылып койобуз да.
+5
aerforce
2019-07-03 14:17:32
Цумдагы борчиктерди чекесинен сыгыш керек
+4
bond02
2019-07-03 14:27:19
Кыздардын айынан болбоду бекен кыскасы.
+2
admin_media
2019-07-03 17:01:47
ali1995, Atas,
Провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! БАНга!
0
Altysha.93
2019-07-03 19:24:39
Жоопко тартуу керек куноолуулорду.
+4
Samatalibei
2019-07-03 23:30:56
Эмне учун уруп сабады? Себебин билеличи балким ХХХХХХХх
0
zhesika
2019-07-04 05:52:42
Жазасын алсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан