Ырчы Максат Садырбеков жубайы Айсулуу Молдалиева менен бал айын Кытайдагы Хайнань аралында өткөрүп жатышат. 3-июлда Алматы аркылуу учуп барышкан түгөйлөр тайфун жүрүп жатканын айтышкан эле.
Жаш жубайлар аралдагы кызыктар тууралуу күйөрмандары менен бөлүшүп жаткан учур. Алар Кытай ашканасынан даам татып, базарларды кыдырып жүрүшкөнүн билдиришти. Ошондой эле аквапарктагы түрдүү аттракциондор алардын эс алуусун кызыктуу кылып жатканын сүрөт, видеолорунан көрүүгө болот.
Түгөйлөрдүн үйлөнүү тою Бишкекте 6-июнь күнү өткөн.