Бишкектен Аксыга барып сууга түшүп кеткен кыздын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 16-июнь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Нарын айылындагы Нарын дарыясына 15 жаштагы Д.З. түшүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМдан жалпы 17 куткаруучу тартылып, алардын ичинен 8и кайык менен Нарын дарыясы аркылуу Өзбекстандын аймагына өтүшүп, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Бирок эч кандай жыйынтык болбогондуктан издөө иштери ӨКМ тарабынан да, жергиликтүүлөр тарабынан да убактылуу токтотулган.

Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы Нурбек Мураталиев жоголгон кыз коңшу Өзбекстандын аймагынан табылганын билдирди.

"1-июль күнү Андижан облусунан чалышып, суудан кыздын жансыз денеси табылганын айтышты. Биз маркумдун туугандары менен барып "Маданият" өткөрүү пунктунан саат 18:00дөрдө кыздын жансыз денесин алдык. Кыз ошол эле күнү жерге берилди", - деп билдирди Мураталиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан