Министрлик: "Ката жазылган аттестаттар жеринен алмаштырып берилген"

Буга чейин коомдо бир тамгасынан ката кеткен бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттары талкуу болсо, бул ирет туура эмес сөз жазылган аттестаттар социалдык тармактардын көңүл чордонунда. Документте "среднюю" деген сөздүн жанына ашыкча эле "реднюю" сөзү кошулуп жазылганын көрүүгө болот.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жооп уктук:

"Нарын облусунун Кочкор районунда берилген 10 аттестатта ката кеткени ырас. Алар алмаштырып берилген. Бул басмадан кеткен техникалык ката. Жыл сайын көп эмес сандагы аттестаттарда техникалык ката болуп калат. Ал документтерди мектеп директорлору жеринен эле алмаштырып беришет", - дейт басма сөз кызматы.

Быйылкы окуу жылында 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 61 миң аттестат, 9-классты аяктагандарга 98 миң күбөлүк даярдалды. Документтер "Учкун" ачык акционердик коому тарабынан басылып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан