Бүгүн, 3-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "Медиафорумдун" алдына митингге чыгышты. Акция "Эски элита кетсин! Жаңы лидерлер келсин!" деген ураандын астында өтүп жатат.
Митингге Ысык-Ата районунан келген Бактыбек Бегалиев төмөндөгүлөрдү айтып өттү:
"Кыргыз жараны болгон соң жарандык милдетимди аткарып келдим. Азыркы бийлик мурдагы Бакиевдин кландык башкаруусун баштаганына көзүм жетип, ошого каршы экенимди билдирүү үчүн келдим. Бул нерсеге эл жол бербешибиз керек. Биз келечекке өнүккөн өлкөнү тапшырышыбыз керек. Митинг болорун жалпыга маалымдоо каражаттарынан угуп, келечек үчүн атайын келдим", - деди Бегалиев.
Митингдин жүрүшүн түз эфирден көрүү үчүн бул жерди басыңыз.