Премьер-министр Нигериянын жаранын сабаган шектүүнү тез аранын ичинде табууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын борборундагы "Айчүрөк" соода борборунун аймагында Нигериянын жаранын сабаган күнөөлүүнү тез арада табууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгиледи. Ал эми Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырган.

Салматтыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы чет элдик жарандын абалы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Жаран Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын мээси жабыркаган, операция кылганга болбой турган жаракат алган", - деди басма сөз кызматы.

Кечээ, 2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Сабалган жаран Бишкектеги тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору 1985-жылы туулган Т.Абубакар экени айтылган.

Борбордо сабалган чет элдик жаран
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Karakash
2019-07-03 17:49:01
Кайсы карангы туркойлор кылды экен. Тезирээк табылып жазасын алса экен.
+2
Chungyz
2019-07-03 18:04:43
Ушунчалык да кылабы акмак жазасын алсын
+2
Avrora2017
2019-07-03 20:30:11
Chungyz,кошулам бул деген жапайычылык жеткен акмакчылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан