Араванда ит 2 күндө 7 адамды тиштеп салды

Ош облусуна караштуу Араван районунда 2 күн аралыгында ит 7 адамды тиштеп салды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-июлда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Белгилүү болгондой, акыркы эки күн аралыгында Араван районундагы аймактык ооруканасына "ит тиштеди" деп 7 адам кайрылган, алардын үчөө кичинекей балдар.

"Кечээ белгисиз "ит тиштеди" деп ооруканага 3 адам, бүгүн дагы 4 адам кайрылган. Ит жабыркагандардын денесинин ар кайсы жагынан колунан, жамбашынан, башынан да тиштеген. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылды. Учурда жабыркагандар тиешелүү эмдөөдөн өтүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан