Бишкекте Нигериянын жаранын сабаганга шектелген 22 жаштагы бала кармалды

Бишкек шаарынын борборундагы "Айчүрөк" соода борборунун аймагында Нигериянын жаранын сабаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында чет элдик жаранды сабаган деген шек менен 1997-жылы туулган К.Э. аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Сабалган жаран Бишкектеги тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору 1985-жылы туулган Т. Абубакар экени айтылган.

Бул окуядан улам, өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгиледи. Ал эми Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Chungyz
2019-07-03 19:46:58
Тактагылачы эмне болгонун
0
ulanbek2000
2019-07-03 20:00:28
Уят уят уят.
+1
Shabi
2019-07-03 20:32:22
Эгер чындап сабаганы чын болсо.куноосу болсо.опкосун узсокен
0
Avrora2017
2019-07-03 20:36:12
Турун менен жерге кир, ушундай акмактар кайдан эле чыгат кесепеттер, озубуздун канча мекендештер чет мамлекетерде иштеп журушот кудай сактасын могундай ХХХХХХХХХ
0
taalay25
2019-07-03 20:49:00
Премьер министр озу поручение берсе демек
+1
tatynam_88
2019-07-03 21:55:15
Озго олконукун заматта таап чыктынар го!озубуздун олко учун да,жарандар учун да ушундай иштесенер,силерге данк!
+7
barakcha
2019-07-03 22:09:20
Жон эле бироонун мойнуна илип аткан жоксунарбы деги?Чыныгы кылмышкерди тапкан болсонор анда азамат экенсинер!Бат эле таап койдунар)
+7
Alin16
2019-07-04 12:28:10
Сила есть ума ненадо
0
MEN95
2019-07-04 13:29:56
Камалсын жазасын алсын. кылган ишине жооп берсин акмак.
0
meku9205
2019-07-05 15:21:08
Кочодо жургон бироону кармап келип камап койгон жоксунарбы
0
JENTLEMAN
2019-07-05 19:01:35
ЦУМ дун айланысына толтура видео камералар орнотулганго, ошолор аркылуу эле ушул бала экенин же эмес экенин тактап алса болотко.
0
dina
2019-07-10 01:21:37
Кичинесинен дордойдо тачка туртуп, уй булосун баккан бала. Ары бери отуп калганда созсуз саламдашкан тарбиялуу эле болчу. Бий ийримине да барып бир топто бийлеп журчу концерттерде. Кандай шайтан азгырды билбейбиз. Ошол куну куноо кетирдим деп апасына белек берип кечирим сураптыр. Кырсык, жазасын женилдетсе деер элем.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан