Молдакун Абдылдаевдин жубайы, уулу жана небереси суудан дале табыла элек

Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн суудан издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда SUPER.KG порталына ӨКМдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин алкагында кечээ Молдакун Абдылдаевдин жансыз денеси саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 чакырым алыстыкта, ал эми анын айдоочусунун жансыз денеси Арал айылынын тушунан табылган болчу. Учурда куткаруучулар тарабынан анын жубайын, уулун жана небересин издөө иштери жүрүүдө.

"30-июнь күнү Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унаадагы калган 3 адамды издөө иштери бүгүн да улантылды. Кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери саат 20:30да убактылуу токтотулду. Тилекке каршы, бир нече күндөн бери жүргүзүлгөн издөө иштери натыйжа бере элек. Эртең, 4-июлда үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн издөө иштери дагы улантылмакчы. Аларды издөө иштерине үй-бүлөнүн 20га жакын туугандары да катышууда. Кечээ суудан табылган эки жарандын денеси жакындарына өткөрүп берилген", - деп билдиришти министрликтен.

Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, 30-июнь күнү саат 13:30 чамасында Жайыл РИИБине Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткени тууралуу күбөлөрдөн билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, унааны тапкан эмес. Күбөлөр көрсөтмө берип, бул факты Жайыл РИИБинде катталган. Ал эми Абдылдаевдин жакындары унаанын ичинде 4 чоң киши жана 1 бала болгонун, акыркы жолу Жумгал районуна жеткенде байланышка чыкканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Wold
2019-07-03 22:58:47
Бул Көкөмерен суусу каяктан каякты көздөй агат? Жана кайсыл жерде жайгашкан? Толугураак жазгылачы супер бүдөмүксүбөй.
+9
Komrad
2019-07-03 23:49:21
Wold,ошол да, кечээтен бери так жазбай атышат. Кичинекей Кыргызстанды элестете албай
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан