Бишкекте "Жорго" компаниясынын таксисти кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 12-июнда саат 19:30 чамасында Суванбердиев көчөсүндө жайгашкан "Лимон" дүкөнүндө 25-30 жаштагы киши дүкөн ээсин уруп, сөккөн. Бул факты "майда бейбаштык" беренеси боюнча катталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жаран айдап жүргөн унаа аркылуу ал "Жорго" компаниясынын таксисти экени аныкталган.
Бүгүн, 4-июлда 1982-жылы туулган К.М. кармалып, Октябрь РИИБине жеткирилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.