Мекенинде каракчылык боюнча издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиянын Новосибирск шаарында жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунда туулган 31 жаштагы У.Б. аттуу жаран буга чейин бир нече жолу соттолгон. 2014-жылдан тарта ал "уюшулган топ тарабынан курал колдонуу жана ден соолукка залал келтирүү менен коштолгон каракчылык" беренеси боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн.
Мындан тышкары ал зордуктоо, ден соолукка оор залал келтирүү, уурулук боюнча жоопкерчиликке тартылган: 2009-жылы зордуктоо фактысы менен 10 жылга кесилген, кийин 2012-жылы жатак абакка которулган. 2014-жылы өзүм билемдик менен абактан качып, жашынып жүргөн. Буга байланыштуу ага издөө жарыяланган.
2014-жылы жатак абакта жүргөндө башка адамдар менен кылмыштарды жасаган: Сокулук айылында эки жаранды ур-токмокко алып, курал менен коркутуп, уюлдук телефондорун, ири суммадагы акчаларын жана Тойота Прадо унаасын ээлеп алган. Аны менен чогуу бул кылмышты жасагандар кийин кармалган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кыргыз жараны учурда Орусияда "буюмду курал катары колдонуу же курал колдонуу менен ден соолукка оор залал келтирүү" боюнча айыпталып, жаза мөөнөтүн өтөп жатканы аныкталды. Бул жаза мөөнөтүн өтөгөн соң аны жоопкерчиликке тартуу үчүн мекенине кайтаруу маселеси каралат.