Молдакун Абдылдаевдин 8 жашар небересинин жансыз денеси суудан табылды

Көкөмерен суусуна унаа менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин 8 жаштагы небересинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 4-июлда издөө иштери жүргүзүлүп 106 куткаруучу тартылган. Натыйжада кичине кыздын жансыз денеси табылган.

Учурда Абдылдаевдин аялын жана уулун издөө иштери улантылып жатат. Буга чейин 2-июлда Молдакун Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун жансыз денеси табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
JENTLEMAN
2019-07-04 20:57:27
Ушинтип адресин так жазсаңар. Көкөмерн Суусамыр суусунун аты экенда.
+3
Aidaraly
2019-07-04 21:07:35
Коко Мерен Суусамыр ороонун бойлоп агат абдан кандуу суу жылда ушинтип Адам омурун алып тынат жакында эле 3жашар кыз да агып кетип табылбай калган анын устуно Суусамырдагы жолдун абалы мышык ыйлай турган абалда конул бурган киши жок
+3
JENTLEMAN
2019-07-04 21:10:31
Aidaraly, Бул суу каяка барып куят? Же кайсыл өлкөгө каяк менен өтүп кетет? Типа тескери аккандай боло беретко)).
+1
bazar
2019-07-05 08:38:11
JENTLEMAN,картадан ачып карасаңар. Нарынга куят. Анан Өзбекстанга агып чыгып кетет. Анан Тажикстанга кирет кайра Өзбекстанга агып чыгат анан Казакстанга кирет
0
Aidaraly
2019-07-04 21:14:06
Нарын суусуна барып куят шары катуу. Эмил Тоскок деген жер машине тушуп кеткен жер абдан кууш буга чейин да далай машина тушуп кеткен
+3
JENTLEMAN
2019-07-04 21:19:11
Aidaraly, Түшүнүктүү рахмат тууганым.
+4
Nur777
2019-07-05 00:14:25
Жаткан жерлери жайлуу болсун,жайлары жаннатта болсун..
+4
Avrora2017
2019-07-05 00:28:04
Кудай сактайгор ушундай кырсыктан бириси да тируу калбаптырбы абдан жаман болуптур арту кайрылуу болсун баарысынын
+4
Avrora2017
2019-07-05 00:28:42
Балким баласы тируу калгандыр, табылып калаттыр
0
JENTLEMAN
2019-07-05 02:10:58
Avrora2017, Тирүү калса келмекта ушунча күндөн бери, же байланышмак эптеп бир жактан. Дайын жок демек кеткен ал байкуш дагы. Жайлары Жаннаты болсун.
+1
Domui
2019-07-05 09:03:03
Журогум ооруп кетти, Аллахым жайларын жаннаттан кылксын, Бир семья ушинтип жок болду
+1
Assalomuallekum
2019-07-05 09:20:26
Ютуптан кордум кокомерен дарыясын катту шааркырап агат экен суу Адам тируу калчудай эмес
0
Take_men
2019-07-05 09:32:35
Бейишин берсин балапандын. Өтө өкүнүчтүү
0
Gulnyr19
2019-07-05 17:24:35
Ээ Аллахым балапанда эмне күнөө учуп кетти арабыздан куш болуп. Апасына Аллахым сабыр берсин. Эч кимдин башына мындай күйүттү салбасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан