Бишкекте сабалган Нигериянын жараны каза болуп калды

4-июлдан 5-июлга караган түнү Бишкектин борборунда сабалган Нигериянын жараны Т.А. каза болду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Нигериянын жараны Т.А. 2-июль күнү Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Абалы аябай оор болуп комада болчу. Кечээ түн ичинде каза болуп калды", - дейт министрликтин маалымат кызматы.

2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Сабалган жаран Бишкектеги тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору 1985-жылы туулган Т. Абубакар экени айтылган.

Бул окуядан улам өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгилеген. Ал эми Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырган. Бул кылмышка шектелип 22 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
aydinnur
2019-07-05 10:32:02
Ап байкуш аййе,бейишиң болгур... Берки чоң муштум зөөкүр өлдү эми,эң катаал жаза берсе керек...
+10
engel
2019-07-05 10:35:52
Неге олтурду себеби эмне?
+1
al-abu-kinesz
2019-07-05 10:48:23
engel, 22 жаштагы каны кызуу бала учун кол которууго жоолошуп кетуу да жетиштуу. Тем более кара тустогу киши экен.
Сунуш: Кармалган адамды Нигерияга откоруп ошол жактын закону менен соттосо адилеттуу болмок. Ушуга окшогондорго пожизненный срок аздык кылат
+5
Mital.89
2019-07-05 10:35:57
Эненди кордун эми жигит. Кучун болсо залга барбайсынбы.
+10
aerforce
2019-07-05 10:52:53
Ишиң бүттү эми шоруңду шорподой кайнатат
+8
aykyz
2019-07-05 10:56:49
Эмнеге сабаптыр? Жондон жон эле сабай бербесе керек...
-4
Avrora2017
2019-07-05 13:47:07
aykyz,себеп болгон кундо да мынчалык урбаш керек болчу ХХХХ
+3
Karakash
2019-07-05 11:00:30
Кыргыз элине сабаттуулукту уйроткону келип олуп кеткени эн окунучтуу. ХХХХХ.
+7
MEN95
2019-07-05 11:05:08
уят уят кайсыл жака барбай кыргыздын бир кузуру чыгат.Супер инфо тиги кишини сабап олтургон баладан толугу менен маалмат алып чыгаргылачы эмнесебеп болду экен олтургучо сабагыдай?
+5
senchi
2019-07-05 11:14:47
MEN95,кошулам созуно, себебин айткылачы.
+2
ruslanz
2019-07-05 11:31:16
Атайылап киши олтургондорго олум жазасын беришсе туура болмок,элдин эсебинен турмодо бакпай. Ансыз деле жаман адамдар кобойуп баратат.
+8
Agayu
2019-07-05 11:35:38
Кыргыз дегенде эми Карышкырды элестетишет экенда башка улуттагылар.Өзү да биздин соц сетьтер ачык чачык болчу эле.Эшегине жарашаса тушоосу дейт .Өзүбүзгө жараша БИЙЛИКТЕГИЛЕР.Ал жаман бул жаман деп ырылдап чыгабыз өзүбүз ПЕРИШТЕ болгонсуп.
+8
Chungyz
2019-07-05 11:53:02
Жексур бир жакшна адамды кетирди
+5
tular
2019-07-05 12:42:24
Балким бул адамда да куноо бардыр?! Бир тараптуу карабаш керек!!!
+1
JENTLEMAN
2019-07-05 19:31:57
tular, Туура, булда 20 жылдан бери жүрсө балким местныйсынып бир нерсе деген, же кылган. Экинчи жактын да оюн уккуча бул карашты Периште кылбай тургулачы.
+2
Flowhive
2019-07-05 12:48:08
Кыргыз кыргызга эч качан болушпайт экен да
-1
Mister-X
2019-07-05 13:57:29
Маркумдун уй булосу Нигерияда экен.Кыргыз кыздары менен жургондур.Балким кызганычтыр.
-1
Nestana95
2019-07-05 19:39:24
Жаушылык жарашпайт бизге,,канчалаган адамга билимин берип келет
-1
rususu
2019-07-05 21:41:49
Кыскасын айтканда шайтан азгырыптыр экоону тен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан