Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттагы ката жазуулар боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 233-берене (коммерциялык жана башка уюмдардын ыйгарым укугунан кыянаттык менен пайдаланышы) менен катталган. Сотко чейинки өндүрүштө белгилүү болгондой, бул жылы жалпысынан 95 миң экземпляр аттестат ката басылып чыккан.
"Ал аттестаттарды карап чыкканда "жөнүндөгү" деген сөздө "н" тамгасынын ордуна "ң" тамгасы жазылган. Дагы бир ката Нарын облусундагы Туз айылындагы бүтүрүүчүлөр үчүн даярдалган аттестаттарда табылган. Анда "реднюю" деген сөз ашыкча жазылган. Бул жагдайларды ар тараптуу жана объективдүү кароо үчүн тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат Финполициянын маалыматында.