Бишкек-Ош жолунда Чычкан дарыясына түшүп кеткен унаанын бир жүргүнчүсүнүн жансыз денеси табылды

Бишкек-Ош жолунда Чычкан дарыясына түшүп кеткен унаанын бир жүргүнчүсүнүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"2-июль күнү саат 20:00 чамасында Чычкан суусунда ташка кыпчылып калган кишинин жансыз денесин көргөн тургундар Токтогул РИИБине кабар беришкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында табылган адам Аксы районунун тургуну экендиги аныкталган. Жакындарынын айтымында, алар үч киши болуп Бишкектен Honda Fit унаасын сатып алышып кичи мекенине бара жатышкан. Алардын Бишкек-Ош жолунун 260-280-чакырымында Чычкан суусуна автоунаасы менен кулап кеткендиги аныкталган. Автоунаа сууга кулап кеткен жерден мамлекеттик номер жана унаанын издери табылган", - дешти ОИИБден.

ОИИБден азыркы учурда ӨКМ жана милиция кызматкерлери, жабырлануучулардын туугандары жана элдик кошуундар менен биргеликте жүзгө чукул киши автоунааны, 2 кишинин сөөгүн издеп жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
JENTLEMAN
2019-07-05 18:10:17
Фитда жокпу? Агып кетиптирби адамдарга кошулуп?
0
taalay25
2019-07-06 12:06:47
Качан туура, так жазганды уйроносунор? «Эки кишинин соогу изделуудо», деп жазыптыр! Табылбай атып эле сен аларды олтуруп койдун го?
0
Nurkyz1977
2019-07-06 13:56:49
taalay25, Тируу болсо чыгат эле да уч кундон бери суунун ичинде бекинип туугандары менен бекинчек ойноп жатат деген ойдосунбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан