
Белгилүү орусиялык ырчы
Юрий Шатуновго операция жасалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчынын мурдуна операция жасалган.
"Новороссийск шаарына берчү концертинин алдында ырчы тиши катуу ооруп жатканын айткан. Кийин Москва шаарына келгенде анын сасык тумоосу күчөп, мурдунун сол жагына суук тийип, ириң басып кеткенин билдик. Мындан улам аны дароо операцияга даярдап киргизишти", - деп билдирген ырчынын директору.
Операция ийгиликтүү өтүп, Юрий Шатунов азыр өзүн жакшы сезип калган. Дарыгерлердин айтымында, ал ооруканада дагы 1 жума болот.