Күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугу: Кыргыз балбандары 3 медаль тагынышты

Кыргыз балбандары Казакстанда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 1-күнүндө 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 4-июлда башталган. Бул күнү грек-рим күрөшү боюнча 7 медалдар топтому ойнотулган.

1-мелдеш күнүнүн жыйынтыгында Кыргыз курама командасы өз капчыгына 3 медаль топтой алган. Алардын бирөө күмүш жана 2 коло медаль.

Күмүш медалды 45 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Разак Бейшекеев алып келген. Улукбек Сансызбаев 48 килограммга чейинки салмак ченинде, ал эми Дастан Садыков 110 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль тагынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан