Биринчи Май райондук соту Манасбек Арабаевди үй камагына чыгарды

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Манасбек Арабаев үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди бүгүн, 5-июлда Биринчи Май райондук соту кабыл алган.

2-июлда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" каналында "Көлөкө" аталышындагы журналисттик иликтөө көрсөтүлгөн. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын ири коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп айтылган.

Репортажда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин суракта экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаевага карата берген көрсөтмөсү көрсөтүлгөн.

Манасбек Арабаев 2-июнда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. УКМКнын билдиргенине караганда, ал чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол аркылуу тартып алуу менен алектенген айрым кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган.

Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган.

Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pchelka85
2019-07-05 20:18:21
Раиса Атамбаевага каршы корсотмо берди эле сразу уй камагына чыкты го))))
+10
Chungyz
2019-07-05 20:25:31
Сасык соода
+8
Mamiev
2019-07-05 21:10:47
Бекеринен айтылбаптыр да сасык саясат деп. Беш күндүк өмүрдө акыретти унутуп сотторубуз акчага жана бийликке карап чечим чыгарып калды. А депутат министрлер жаңы бийликти жандап кызмат күтүп жаңы бийликтен, президенттин сөзүнөн чыгышпайт. Не болуп жатат өзү качан патриот баарына тегиз караган эски бийликти куугунтуктоо менен алек болбой өнүгүү жолун издеген президент келет экен а? Ошол күн да келип калаар буюрса
+5
basyz-kaman
2019-07-05 21:11:05
Закон ушундай тергөө менен кызматташсаң күнөөң желдетилет
+2
KAYRATBEK
2019-07-06 04:43:59
Туугандар билип билбей суйлой бербейли. Закондо тергоо менен кызматташсан бир топ женилдиктер берилет. Деген норма бар. Ошонун негизинде уй камагына чыгарылды. Бирок ото ото коп далилдерди бердиго.
-3
katerina.li
2019-07-06 09:56:16
Анча болду бут олкодогу кылмышкелерди уй камагына чыгарышсын. Атамбаевдерге каршы корсотмо беришип койсо эле болду экен да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан