Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Булак айылында Көл жээктеги токой өрттөнүп жатат. Буга окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн аянты 2-3 гектарга жетип калды. Өрт эмнеден улам келип чыккандыгы азырынча белгисиз.
"Окуя болгон жерде азыркы тапта 5 өрт өчүрүүчү унаа жана 140 адам иштеп жатат", - дейт окуянын күбөсү.