"Евровидение-2020" сынагы Амстердам шаарында өтпөй турган болду

Нидерландынын борбору Амстердам шаарында 2020-жылы "Евровидение" сынагы өтпөйт. Буга шаардагы ылайыктуу ареналар бош эместиги себеп болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Популярдуу ырлар сынагын Ziggo Dome аренасында өткөрүү пландалып, бирок бийлик ага чейин пландалган иш-чараларды башка жакка которууну ишке ашыра алган эмес. Мындан сырткары башка орундар да табылбаганы айтылат.
Амстердамдын мэри "көпчүлүк шаар тургундары үчүн бул нерсе жагымсыз кабар болорун билебиз" деген.
Сынак Роттердам, Утрехт, Хертогенбос, Арнем жана Маастрихт шаарларында өтүшү мүмкүн. Гаага менен Бреда шаарлары сынак өткөрүүдөн баш тартышты. "Евровидение-2019" сынагы Израилде өткөн. Ага 26 өлкөнүн ырчылары катышып, Нидерландынын атынан барган Дункан Лоуренс жеңүүчү аталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан