Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова өкүл ата жана өкүл апа болушту

Кыргыз эстрадасындагы белгилүү түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова экинчи ирет өкүл ата жана өкүл апа болушту. Алардын өкүл баласы Самат Аманов, өкүл кызы Айганыш Абдинабиева болушту.

Үлпөт той Ош шаарында 5-июлда өттү. "Буга чейин ага-ини болуп, бири-бирибизге жардам берип келгенбиз. Ал "кийин үйлөнгөндө өкүл ата кылам" деп айтып жүрчү. "Негизи биздин үйлөнгөнүбүзгө бир жыл болду. Тажрыйбабыз аз. Балким, башкаларга да сунуштап көрөсүң" дедим. Өзү "сизди жакшы ниет менен тандап койдум" дегенинен макул болдум. Биринчи өкүл балабыз таякемдин уулу болот.

Бизди өкүл ата, өкүл апа кылам деп айтып калышат. Эми 4-5 жылдан кийин өкүл ата, өкүл апа болсок деп жатабыз. Биз да жаш үй-бүлөбүз. Өкүл ата болуу үчүн кеп-кеңешин бере тургандай тажрыйба топтосок дейбиз", - деди ырчы Нурлан Насип.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
JENTLEMAN
2019-07-06 18:21:23
Ушул экөөсүбү дагы?)))). Башка нерселерин деле жаза бергиледа, күнүмдүк ичип-жеп, жасагандарында.
+12
Janym_ata_enem
2019-07-06 18:31:51
Азыркы жаштар турмуш тажырбасына карап шайлабай калышкан. Акчасына (абройуна) карап шайлап калышкан. Чоң келип чоң кетишсе болду.
+22
Sicilya
2019-07-06 20:49:05
Janym_ata_enem,эн туура соз болду!!! Окул ата окул энелер баягы эле Самара.Анжелика. Бактыгул Бадыева. Кимиси бай болсо болду. Танышканына 2-3жыл болсо еле окул ата шайлап алышат.
+10
Luna15
2019-07-06 19:01:03
Аселдин койногу соонун экен
+3
Abdizhapar
2019-07-06 20:11:48
Мынча эле болгон нерсени чаптап боёнот экен оозуну жаба албай
+7
mr.ulan89
2019-07-06 20:15:30
Негизи өкүл атаны жашоодо тажрыйбасы бар көп жыл үлгүлүү жашаган үй бүлөнү койушса акчасына анан абройуна карап койбой. Бул экөө эки жашка кандай кеңеш берет.
+12
Karakash
2019-07-06 20:28:35
Нурлан жаш баладай чоное элек журуш-турушу, суйлоо речи, кантип окул ата болоор экен. Ата болбой ини кылып байке катары оюн айтса болот.
+5
portugalia
2019-07-06 21:13:48
Өздөрү макул болуп коюп жатышса эмне кылышмак эле Нурлан менен Асел.Аселдин көйнөгү жакшы жарашыптыр.
+1
talas0707
2019-07-06 21:35:36
Билишимче, окул ата дегенди ата бабаларыбыз атасы жок жетимге койушкан экен. Акыл айтып, жол коргозгонго. Азыр баары койо берет, акчасы кобуроок болсо болду.
+5
janym_balam
2019-07-07 08:50:58
talas0707,бизде андай нерсе болгон эмес экен. Муну христиандар баласы төрөлгөндө жакын деген адамын крёстная мать, крёстный отец деп шайлашат, үйлөнгөндө эмес. Ошондон келип чыккан бурмаланып.
-2
JENTLEMAN
2019-07-06 21:52:53
Өкүл ата өкүл энени акыйкатта эмне себептен коюшат?
0
Baatirbek81
2019-07-06 22:43:16
Каниверти көрүнүп калыптыр калың элего
-1
azimbaeva1989
2019-07-07 03:00:11
Таякенин баласы таяке болот. нурлан жээн болот. таяке деген пир деп коюшат. жээн эл болбойт деп да айтышат. окул ата коюп алганына караганда чындап эле чонтокко караптыр.
-3
4ikaGo
2019-07-07 08:44:18
Аа жакшы
-2
argen1991
2019-07-07 13:04:14
Ооба туура айтыпыр эмнеси болсода жакшы жакты ойлойлучу
-2
Aisle
2019-07-07 14:51:44
Супер-Инфо ушулардан болок башкалардын жашоосун деле чыгаргылачы!Ар бир санда ушулар уйлонду кыздуу болду анан той берди кош бойлуу коз жарды кызы менен кошо ыйлайм дейт деп эле кыскасы бут баарын чыгарасынар эл жадап бутту!кызыктуу башка нерселер деле копго
+2
admin_portal
2019-07-08 15:38:18
JENTLEMAN, флуд, кимдир бирөөнү шылдыңдоого тыюу салынган. Эскертилген, БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан