Орусияда мекенине келе жаткан Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылып, 3 адам каза болду

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Кыргыз өлкөсүнө келе жаткан жарандар Оренбург-Самара жолунун 228-чакырымында Тоцкое айылында жол кырсыгына кабылды. Анын кесепетинен 2 эркек киши, 1 аял жеринде каза болгон. Дагы бир аял оор абалда өзүн билбей жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыкка кабылгандар Кыргыз жарандары болгон. Мындай маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

"Кырсык тууралуу билдирүү Оренбург облусунун нөөмөт бөлүмүнө 7-июль күнү эртең менен келип түшкөн. Жол кырсыгынан каза болгондордун баары Кыргыз жарандары экени аныкталды. Учурда Кыргыз өлкөсүнүн консулдугу иш алып барып жатат. Каза болгондордун сөөгүн шейшемби күнү мекенине жиберүү пландалууда", - дейт маалымат кызматынан.

Ал эми орус маалымат каражаттары кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгонун жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Пежо 407 унаасы каршы тилкеге чыгып, Жигули унаасын сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Пежо 407 унаасынын 2 жүргүнчүсү жаракат алса, Жигули унаасынын 4 жүргүнчүсү каза болгону айтылууда.



Орусиядан мекенине кайтып келе жаткан 4 Кыргыз жараны каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Aidar.001
2019-07-07 20:27:26
Кырылып бутмой болдук кайран элим! !!!!
+21
Abdizhapar
2019-07-07 20:38:23
Кыргыз эли жол кырсыгынан кырылмай болдук го биздин жегичтер качан эл жонундо ойлонот экен
+16
Keku
2019-07-08 20:18:40
Abdizhapar,элибиз онолмоюн жегичтер онолбойт. Баары праваны сатып алып жатасынар, окубайсынар, кызыкпайсынар, жоопкерчиликти сезбейсинер ,уйроноюн дебейсинер.
+1
talaa11
2019-07-07 20:39:38
Эх Кайран Кыргыз элим гор тиргиликтин айынан талаалап журуп кырылып жок болмой болдукго жакындарына сабыр берсин
+15
Kylychisa
2019-07-07 21:03:58
Астафираллаа жаман болуптур. ...
+16
Take_men
2019-07-07 21:51:14
Күнөөлүлөр тирүү калып күнөөсүз 4 кыргыз өлдү. Биздин Аллах каякты карап атат. Ошондуктан айтат да Кудайым сактанганды сактайм деп. Мындайча айтканда өз башыңды өзүң сактап ал
-21
Nur-Mir
2019-07-07 22:11:05
Take_men,Тообо келтирип алыныз.Куносуз болсода Аллахым ажалы келген пендени ар кандай жол менен алып кетет .Аллах кайжакты карап жатат деп бир чиновнике айткандай эле айтып коюпсузго.Туура сактанганды сактайм дейт,бирок ажалдан качып кутула албайбызда.Баарыбыздын журогубуз оруйт,бирок айла жок
+20
Firdaus-Muslim
2019-07-07 22:06:56
Тообо кылдым, жол кырсыгынан, дарыя агып кеткен жаман окуялар көп болуп жатат, Кыргыз элимдин калкы аз, ошондой болсода азайып баратабыз. Сак болойлучу Кыргыз калкым сак бололу.
+12
nursiyanur
2019-07-07 23:24:24
Тообо кылдым бугун кун олду деген гана кабар окудукко
+1
i1urp
2019-07-08 00:04:36
Жараткан Теңир кырсыктан сактасын. Тынчтык берсин.
-4
Bayastankyrgyz
2019-07-08 01:06:04
Оо кыргызым... Деги элди ойлогон азамат барбы??? Ким чыгат сырттагы мекендештерибизди Кыргызстанга алып келебиз деген... Кырылып бүтмөй болдук көрүнгөн элде жерде.... Өлсөкда Өз ата мекенибизде өлмөк арманыбыз жок эле
+3
BarsBaatyr
2019-07-08 06:33:06
Bayastankyrgyz,чыккан азаматтарыбызды өзүбүз барктай албай келебиз го.
+1
guli-1980
2019-07-08 03:20:02
Самолетко билет асмандын башы болуп атат. Контролдогон адам жок.
+7
travma
2019-07-08 13:00:54
Биздин атка минерлерге Наалат! билеттин баасын арзан кылышсын, ар жерде тентип жолдо, стройкада атып кетип жаткан оло турган болдук карагылачы кандай жаман окуя ушул бечаралар уч уйбулону багып жатканда кээминде (!0) адамды, жумуштун жоктугунан мамлекеттин алсыздыгынан журобуз! ХХХХХ биздин чондорго Президентке
+2
Sprite
2019-07-08 14:09:02
Аллахым бейишинен орун берсин,жакындарына сабыр берсин,канча жакшы ниет,кубаныч менен бара жатышса керек эле,канча суйунуч менен жакындары кутуп жаткандыр эле.Аллахым ар бир пенденди озун сактай кор.
0
NURSAPAR
2019-07-08 15:06:18
Эххххх.... жайлары жаннаттан болсун.
0
nurhan2702
2019-07-09 04:24:44
Учурда Москвада журом , кудайлап кыргыз элим аман-эсен уйубузго барып алсак деп тиленем. Бугун ойлонуп койдум "эмнеге Бир да казак жок биздей тентиген '-деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан