Түркияда 23 жаштагы Кыргыз жигити киши колдуу каза болду. Учурда анын жакындары изделип жатканын Түркияда эмгектенип жүргөн мекендешибиз билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 7-июлда орун алган. Анда дүкөнгө чыккан Мухтарбек аттуу жигитке белгисиз адам ок чыгарган. Маркумдун сөөгү өлүкканада.
Ал эми түрк басылмалары окуя Анталиянын Алания шаарындагы Конаклы районунда болгонун жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы жана жандармериянын кызматкерлери келип, Кыргыз баланын каза болгонун аныкташкан.
Аланиянын прокуратурасы тергөө иштерин баштап, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы А.Й. аттуу жаран кармалган. Ал сурак учурунда маркум менен пикир келишпестиктен улам уруша кетип, тапанча менен атып салганын айткан.
Маалымат толукталат.