Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу кармала элек

4-июлда Түп айылынын тургуну 29 жаштагы С.С. Вепрь үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин директорунун орун басары А.Д.ны жана аталган жерде ар кандай жумуштарда иштеген М.К.ны атып өлтүргөн. Мындан сырткары ошол жерде иштеген Л.И.ни барымтага алып, кийин кайра коё берген.

Кылмышка шектүү кармала электигин Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кылмышка шектүүнү кармоо ал аймакты жакшы билгендиктен узакка созулуп жатат. Ал чет элден келген конокторду аңчылык кылуу учурунда коштоп жүрчү экен", - деп билдиришти басма сөз кызматы.

Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышкер жетекчилик тарабынан спирт ичимдиктерин жумуш учурунда ичкени үчүн уруш уккан. Ошол маалда ал куралын алып ок чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muslim.azamatovich
2019-07-08 16:52:15
Окунучтуу....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан