Чек арада кармалган кымбат корей косметикасы Салык кызматынын жана Финполдун кызматкерлерине берилди

7-июлда "Чалдыбар унаа жолу" өткөрмө жайында чек арачылар мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүктү токтотушту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган өткөрмө жайга DAF XF үлгүсүндөгү унаа менен 27 жаштагы Казак жараны келген. Унаасында орус же кыргыз тилинде түшүндүрмөлөрү жана акциздик маркалары жок 126 куту корей косметикасы болгон. Алардын жалпы баасы 2 миллион сомдон ашуун экени аныкталган. Мындан тышкары айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес.

Керектүү иш-чаралар өткөрүлгөн соң айдоочу жана жүк мобилдик топтун кызматкерлерине (Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү) өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан