Түркиянын Алания шаарында тапанчанын огунан Кыргыз жигити каза болгон. Окуя боюнча бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына Түркиядагы юридикалык компаниянын жетекчиси Нурлан Миртемир уулу айтып берди.
Анын айтымында, маркум жергиликтүү тургундардын жаңжалынын курмандыгы болуп калган.
"Кыргыз жараны эртең менен таңкы саат 6 жарымда жубайы менен жолугушуу үчүн чыккан. Аялы башка мейманканада, өзү башка мейманканада иштечү экен. Жолго чыгып, аялдамада турган кезде аласа-бересеси бар жергиликтүү тургундар уруша кетишкен. Бирөөсү куралын алып ок чыгара баштаган. Аялдамада тургандардын кээ бири качканга жетишип, Кыргыз жараны нес абалда калган экен. Ага ок тийип курман болду.
Окуя Анталиянын Алания деген районунда болгон. Маркумдун сөөгү экспертизага жөнөтүлдү. Ошонун жыйынтыгына жараша ок аткан жаран Түркиянын Жаза кодексине ылайык жазага тартылат", - деди Нурлан Миртемир уулу.
Кыргыз жараны каза болгон окуя боюнча Түркиянын укук коргоо органдары тергөөнүн жүрүшү тууралуу кабар бере элек. Ошондой эле Кыргыздын Түркиядагы элчилиги менен Тышкы иштер министрлигинен азырынча маалымат ала электигин айтышууда.