Түркияда 23 жаштагы баланы атып кетти деп шектелген жаранга кылмыш иши козголду

Түркиянын Алания шаарында каза болгон Кыргыз жигитин атып кеткен шектүүгө кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жиберүү боюнча Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугу даярдыктарды көрүп жатат. Ал эми кылмышка шектүү катары кармалган жаранга "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө", - деди басма сөз кызматы.

Окуя 7-июлда Анталиянын Алания шаарында болгон. Анда 23 жаштагы Мухтарбек И. аттуу Кыргыз жигити тапанчанын огунан каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан