Түркияда октон каза болгон Кыргыз жигиттин сөөгүн мекенине жеке ишкер Орхан Кайа жөнөткөнү жатат. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргыз жарандары билдиришти.
Ал эми сот иштери, компенсация алууга укук коргоочу Алтай Бунат жана юридикалык компаниянын жетекчиси Нурлан Миртемир уулу көмөктөшө турган болду.
Жеке ишкер, укук коргоочу Алтай Бунат буга чейин көптөгөн Кыргыз жарандарына жардам берип келгенин айтты.
"Акыркы окуядан улам кээ бир сырткы күчтөр эки өлкөнүн достук мамилесини бузууну калап жатышат. Биз андай нерсеге жол бербегенге аракет кылып жатабыз. Эки элдин мамилеси бузулбасын. Түркиянын жараны катары дайыма жардам бергенге даярмын", - деди Алтай Бунат.
Түркияда каза болгон Мухтарбек И. 1996-жылы Чоң-Алай районунда туулган. Былтыр үйлөнүп, жубайы менен аталган өлкөгө иштегени кеткени маалым болду. Достору аны жоош, момун, чырдан алыс болчу деп мүнөздөштү.
Кыргыз жараны каза болгон окуя боюнча Түркиянын укук коргоо органдары тергөөнүн жүрүшү тууралуу кабар бере элек. Аталган өлкөдөгү юридикалык компаниянын жетекчиси Нурлан Миртемир уулу "Октон каза болгон Кыргыз жигит жергиликтүү тургундардын урушунун курмандыгы болду" деп билдирди.