Анталияда октон каза болгон Кыргыз жигитинин өлүмүнө дагы шектүүлөр кармалды

Түркиянын Алания шаарында тапанчанын огунан каза болгон Кыргыз жигитинин өлүмүнө шектелип дагы 3 жаран кармалды. Алардын экөөсү көрсөтмө бергенден кийин бошотулганын "CNN TURK" басылмасы жазып чыкты.

Анда 23 жаштагы Муктарбек И.нин өлүмүнө шектелип Али Й., Сердар К., Али Г. жана Перихан С. аттуу 4 жаран кармалган. Алар Конаклы районунун жандармериясы тарабынан суракка алынган. Натыйжада Али Г. жана Перихан С. бошотулуп, соттун көзөмөлүнө алынды. Ал эми Али Й.га "адам өлтүрүү" беренеси, Сердар К.га "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынганы жазылат маалыматта.

Окуя 7-июлда Анталиянын Алания шаарында болгон. Анда 23 жаштагы Мухтарбек И. аттуу Кыргыз жигити тапанчанын огунан каза болгон.

Маркум 1996-жылы Чоң-Алай районунда туулган. Былтыр үйлөнүп, жубайы менен аталган өлкөгө иштегени кеткени маалым болду. Достору аны жоош, момун, чырдан алыс болчу деп мүнөздөштү. Аталган өлкөдөгү юридикалык компаниянын жетекчиси Нурлан Миртемир уулу "Октон каза болгон Кыргыз жигит жергиликтүү тургундардын урушунун курмандыгы болду" деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
macho90
2019-07-09 00:04:54
Түрктөрдөн үйрөнгүлө кыргызым кылмышкердин бетин ачык көрсөткөндү.! Аны жаңы келген келинге окшотуп бетин жашырып койбой. Кылмышкерди эл таанышы керек.
+34
tular
2019-07-09 01:23:23
Бизде бетин жапканынын себеби, акчасын алып туруп, башка экен дегенге жакшыда...
+22
hihikayu
2019-07-09 09:41:12
Эх,Алания шаарынын бут тургундарын кармасанарда кырчындай омур кыйылды,кайтып келбес болду!
+4
Nestana95
2019-07-09 11:47:02
Эхх журок зыркыоайт,кочоого чыкканда
+1
Djal1987
2019-07-09 17:37:54
Ошондо ок атышуу болуп жатканда ок тийген го. Тиешеси жок жерде болуп калыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан