Дзюдочу Эрлан Шеров Дүйнөлүк Универсиадада 5-орунду алды

Кыргыз спортчусу Эрлан Шеров Италияда өткөн Дүйнөлүк Универсиадада 5-орунду алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде Япониядан келген спортчуга жеңилип, медалдарга болгон жарыштан четтеген.

Ал эми абсолюттук салмак ченинде Шеров Польша, Египет, Беларусь өлкөлөрүнөн келген спортчуларды жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда дзюдочу Казакстандан келген спортчуга жеңилип, 3-орунга болгон беттеште да голландиялык спортчуга жеңилип калган.

Жыйынтыктоочу протоколдо Шеров 5-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2019-07-09 10:33:32
Универсиадада дагы канча мекендешибиз кайсы спорттун туру боюнча ат салышып жатат,ошону да жазып койгулачы супер инфо жамааты сураныч.!?
0
Nestana95
2019-07-09 11:49:24
Ушундай спорт тармагын да кобуроок жазгылачы,,,супер инфону ачканда эле ойума жаман нерсе келчу болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан