Чолпон-Ата шаарындагы жол кырсыгында 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында BMW Х7 үлгүсүндөгү унаада Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков болгон деген маалымат тарады.
Бул окуя боюнча шаардык кеңештин депутаты учурда кайсы жакта экенин аныктоо максатында мекеменин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, төмөнкү жоопту алдык:
"Мен шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековго чалып, сүйлөшө алган жокмун. Бул окуя боюнча эч кандай маалыматым жок. Ошол себепке байланыштуу эч кандай комментарий бере албайбыз", - деп жооп берди басма сөз катчысы.
Буга чейин белгилүү болгондой, BMW Х7 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алган эместиги айтылган. Жол кырсыгы 7-июлда Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде орун алган. Анда BMW Х7 жана Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. BMW Х7 унаасын 1996-жылы туулган Х.Э. аттуу бала башкарып, ал эми Lexus ES 300 унаасын 1995-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Б.Н. башкарып келе жатканы айтылган. Ал жолдун ортосунан бурулуш жасайм деп кырсыкка кабылып, анын кесепетинен Lexus ES 300 унаасынын айдоочусу, андан тышкары 1995-жылы туулган Д.Н. жана Б.Б. аттуу 2 жүргүнчүсү каза болгон. Кечээ түндө дагы бир жүргүнчүсү ооруканада каза болгон.