Өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 9-июлда болжол менен саат 01:51де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

"Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Ничке-Сай, Кыргызстан айылдарында – 4 балл, Тосой, Жийде, Ак-Терек, Чаңгет, Шоро-Башат, Жыланды, Зергер айылдарында – 3,5 балл, Өзгөн шаарында жана Таштак, Шералы, Мырзаке, Большевик, Ак-Жар, Эркин-Тоо, Кара-Дыйкан айылдарында – 3 балл, Кош-Этер, Чымбай, Куршаб, Кароол айылдарында – 2,5 балл жана Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында – 3 балл, Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Шамал-Терек, Благовещенка, Октябрское, Багыш, Таш-Булак, Михайловка, Таран-Базар, Калмак-Кырчын айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген", - деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан