Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер үчүн сайт ачты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сайт абитуриенттерге жогорку окуу жайды туура тандоого көмөк көрсөтүү максатында ачылган.
"Сайт "Ачык өкмөт" долбоорунун алкагында ачылды. Анда учурда иштеп жаткан бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес университеттердин тизмесин көрүүгө болот. Окуу жай тууралуу жалпы маалымат менен таанышып, байланышуу үчүн телефон номерлерин алууга болот", - деп айтылат маалыматта.
www.university.edu.gov.kg сайты аркылуу университеттердин жаңылыктары менен дагы таанышууга болот.