"Сенден балаң аркылуу өч алдым". Жалал-Абадда 11 жашар баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти

Жалал-Абад облусундагы Cузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, окуя 8-июлда болгон. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн маркумдун денеси өз үйүнүн кире беришинен колу-буту скотч менен байланган абалда табылган. Денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, тергөө үчүн сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

"Адам өлтүрүү тууралуу милицияга маалымат түшкөндө барып, иликтөө жүргүзүлдү. Окуя болгон учурда үйдө ата-энеси болгон эмес. Маркум бала жана анын эжеси болгон. Үйдөн "сенден балаң аркылуу өч алдым" деген жазуу бар кат табылды. Маркумдун эжеси көрсөтмөсүндө үйдөн хиджаб жамынган киши чыгып бара жатканын көргөнүн айтты. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы.

Сузакта 11 жашар баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
MEN95
2019-07-09 12:56:05
Эмне учун Ата-Эненин куноосу учун он гулунон бир гулу ачыла элек куносу жок бала жооп бериш керек? кандай жузу жок нахал адамсын АЛЛАХ бардыр сагада. Бул дуйно кайтар дуйно жамандыгын оз башына корунор кун келет ташбоор. Улуу урматуу тергочулор сиздерден суранамын мындай адамды акчасын алып уй камагына чыгарып салбаныздарчы арам акча аш болбойт. Катаал жаза бергиле кыйнап кыйнап озунун колунада скотч менен байлап дубинка менен сабагыла кыйнагыла.
+5
portugalia
2019-07-09 13:04:53
Маньяк.Жакшы күн көрбөй калсын жырткыч.Балада эмне күнөө?
+4
Muratmipa
2019-07-09 13:16:20
Дагы эле баягы хиджап кийгендерго ааа
-20
kechirmeni
2019-07-09 14:01:36
Muratmipa,Хиджап кийген киши деп атат,демек тааныбай калсын деп кийгени, оозуна келгенди оттой бересинби ойлонбой эле.Ушуга окшогондор булгайт мусулмандарды жаман атты кылып
+13
Muslim.azamatovich
2019-07-09 15:44:37
Muratmipa,таанылбаш учун кийди да
+3
Muratmipa
2019-07-09 13:27:09
Хиджапты тагынып алып адам кылбаган нерсени кылатта озу
-17
kechirmeni
2019-07-09 14:01:43
Muratmipa,Хиджап кийген киши деп атат,демек тааныбай калсын деп кийгени, оозуна келгенди оттой бересинби ойлонбой эле.Ушуга окшогондор булгайт мусулмандарды жаман атты кылып
+13
meni_kut
2019-07-09 18:59:05
Muratmipa,хиджап деп алдап коюптур ошо эжеси озу олтуруптур,башка массалык маалымат каражаттарына чыкты.
+3
Pchelka85
2019-07-09 14:20:25
Балким атасынан оч алган аял киши болушу да толук мумкун..... хиджапты адамдар вдруг коруп калса таанылбай калайын деп же озунон подозрениени алыстатыш учун деле кийип алат да. Хиджапты чын журогунон кийген адам мындай мыкаачылыкка барбайт го... эмнеси болсо да кармап оз жазасын алса экен. Журогундо чооон ызасы бар адам кылды го. Бей куноо балада эмне жазык?!.. деги адамдар эмне болуп баратабыз((((
+6
Perfekt
2019-07-09 14:47:24
Balada ne kunoo. Baikush bala
+1
Muslim.azamatovich
2019-07-09 15:43:48
Наристеде эмне куноо....олтургон адам озу деле апа же ата болсо керек..кантип колу барды экен,,,
+1
Assalomuallekum
2019-07-09 16:12:28
Эжеси экен деп укткм
+2
Erkekyz99
2019-07-09 16:15:02
Ии байкуш балада эмне күнөө?
+1
Mars575
2019-07-09 17:43:53
Эки буттуу айбан балада эмне очун бар, анда эмне айып, ХХХХХХХХХ
+1
NURSAPAR
2019-07-09 17:47:39
Өлүм жазасын киргизиш керек, кылмыштын аягы кыйла тыйылмак. Кытай ошончо элин кармап турат го. Ушуга окшогон адам сымал айбандарга айрыкча.
+1
Avrora2017
2019-07-09 19:02:27
NURSAPAR,туура олум жазасы жетишпей турат бизде , киш олтургучторду ХХХХХХ ХХХХХХ керек
0
PeRa
2019-07-09 18:46:54
13 жаштагы эжеси олтуруптур деп жазып жатышат.
+3
admin_media
2019-07-10 09:27:33
PeRa,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/kabar/news/276365/
http://www.super.kg/kabar/news/276357/
0
Nursultan.92
2019-07-09 23:56:26
Заман эмне болуп баратат табышмактай болуп
0
altyn7776
2019-07-10 02:35:00
Хиджаптын пайдасы... ХХХХХХХх
0
kykenbai
2019-07-10 09:07:48
Бул жакта тантырап хиджап кийгендер деп исламды жаман аттуу кыла бербей башка сайттардан да маалымат окусаңар.
Супер Инфо дагы аябай профессионалдуу иштешет да эч кандай маалымат булагын көрсөтпөй.
Супер.кг жазгандан бери башка сайттар 5-6жолу бул жаңылыкты жаңылады. Эч бринде хиджаб кийген адам жөнүндө маалымат жок.
+1
admin_media
2019-07-10 09:25:48
kykenbai,
Саламатсызбы! Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирген.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан