Москвада курулуш жүрүп жаткан жерден тажикстандык мигрант өзүнүн өмүрүн кыйды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мигрант алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган.
"Маркумдун өз жанын кыюусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Анын Тажикстандан келгени эле маалым болду. Кырсык учурун курулушта иштеген башка жумушчулар видеого тартып алган. Териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.