Ысык-Көлдө 17 жүргүнчүсү менен кичи автобус оодарылып кетти

Ысык-Көлгө бара жаткан туристтик милициялар жол кырсыгына кабылгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 9-июлда саат 16:45 чамасында орун алган.

"Бишкек ШИИББинин туристтик милиция кызматкерлери эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көлгө бара жатышкан. Алар Тору-Айгыр жана Кош-Көл айылдарынан өтүп бара жатып жолдун четинде оодарылып калган кичи автобусту көрүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жүргүнчү ташып бара жаткан айдоочу рулду башкара албай калган. Кичи автобустун ичинде 17 жүргүнчү болгон. Алардын төртөө балдар. Жол кырсыгынын кесепетинен жүргүнчүлөр денесинен ар кандай жаракаттарды алган. Туристтик милиция кызматкерлери жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүшкөн. Жабырлануучулар "Тез жардам" кызматы аркылуу аймактык ооруканага жеткирилди", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Avrora2017
2019-07-09 18:57:51
Кудай сактаптырда олум житим жок
+4
Take_men
2019-07-10 00:47:16
Бишкек~Токмок~Балыкчы жолунда жүргөн маршруткалардын айдоочулары кантип айдашат көрүп жүрөбүз. Аңкылдатып только встречка айдашат. Аларды көргөндө өзүң качасың
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан