Дарыгер: "Жол кырсыгына кабылган шаардык кеңештин депутаты дагы 7-8 күн дарыланат"

7-июлда таңга маал Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында BMW Х7 жана Lexus ES300 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Айрым маалымат булактарында BMW Х7 унаасы "Республика-Ата Журт" партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты 25 жаштагы Темирлан Токобековго таандык экени айтылды. .

Бул окуя боюнча SUPER.KG порталы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна барып BMW Х7 унаасынын ээси делген Темирлан Токобеков менен айдоочусуна жолукту. Бирок алар комментарий берүүгө даяр эместигин айтышты.

Ал эми Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков Темирлан Токобеков менен айдоочусунун абалы тууралуу буларга токтолду.

"Темирлан Токобеков бизге жекшемби күнү келген. Баш мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынган, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Андан кийин палатага котордук. Ал эми Х.Э. дүйшөмбү күнү келди. Анын баш мээси чайкалган. Азыркы убакта экөө тең дарыланып жатышат. Бирөөсүнүн абалы канааттандырарлык, экинчисиники орто деп бааланууда. Алар дагы 7-8 күн дарыланышат".


BMW Х7 жана Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. BMW Х7 унаасын 1996-жылы туулган Х.Э. аттуу бала башкарып, ал эми Lexus ES 300 унаасын 1995-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Б.Н. башкарып келе жатканы айтылган. Ал жолдун ортосунан бурулуш жасайм деп кырсыкка кабылып, анын кесепетинен Lexus ES 300 унаасынын айдоочусу, андан тышкары 1995-жылы туулган Д.Н. жана Б.Б. аттуу 2 жүргүнчүсү каза болгон. Кечээ түндө дагы бир жүргүнчүсү ооруканадан каза болгон. BMW Х7 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алган эместиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Chungyz
2019-07-09 21:01:40
Жакшы дарылансын Сакайып чыксынчы Мыйзам бирдейби экен коробуз
+5
bond02
2019-07-09 23:05:02
Ток этээр жерин эле айтпайсынарбы, иш жабылганда анан чыгышат больницадан деп.
+4
barakcha
2019-07-10 00:04:08
Супер инфо.бизге маалымат берип тургула!Мыйзам баарына бирдей бекен билелик.
+1
Nur777
2019-07-10 00:59:35
Сокенин козго басаар жалгыз кызынын кайниси болуп атса Соке Кан кудасынын баласын отургузат дейсинерби? Пффф...4 бала эмес 14 бала олсо да камабайт коросунор,уже кайтыш болгон балдарды куноолуу кылуунун аракеттери журуп жатат деп маркумдардын ата-энелери А...тыкка ыйлап кайрылып жатышат,милициясы баш болуп болгон видео жазууларды очуруп,куноолуулордун издерин жашыруу менен алек болуп атышыптыр...
+2
janym_balam
2019-07-10 20:10:46
Nur777,кызык элесинер, эмне болсо эле ажолорду күнөөлөп. Ой-пикиринерди, ниетинерди ондогулачы!
+1
KUBAT.466885
2019-07-10 20:34:36
janym_balam, Ниетти оңдоп жазганда деле Ажонун кудасы болуп жатпайбы , азыр бийлик колунда баарын кылат.
0
adiaza
2019-07-10 11:02:00
Карапайым кишинин баласы болгондо эчак сразу камап салышмак даарылантмак турсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан