Жалал-Абаддагы 11 жашар баланын өлүмү: Маркумдун өлүмүнө анын 14 жаштагы эжеси шектелүүдө

Жалал-Абад облусундагы Cузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Маркумдун өлүмүнө анын 14 жаштагы эжеси шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон үйгө кароо жүргүзүлүп, даараткананын ичинен өспүрүмдөр кийген футболка, чолок шым жана кийимдерге канга окшогон суюктук шыбалганы аныкталган. Ошондой эле ашкана бычагы табылып, аталган нерселер далил буюм катары алынган. Окуя болгон учурда баланын ата-энеси өз үйүндө жок болушкандыгын билдиришкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөөнүн жыйынтыгында каза болгон баланын бир тууган эжеси К.А. мамлекеттик органдын кызматкеринин, педагогдун, психологдун жана жактоочунун катышуусунда суракка алынган. Анда ал буларды айтып берген.

"8-июль күнү уктап тургандан кийин (ата-энеси ишке кеткен) иним экөөбүз дарбыз талашып урушуп кеттик. Ошондо ал бычак менен өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Түштөн кийин иним сууга түшүп келейин деп уруксат сурап кеткен. Ошол бойдон болжол менен саат 16:00 чамасында үйгө келди. Биз бири-бирибизди скотчтоп ойночубуз. Ал үйгө келгенде экөөбүз мурун ойногондой эле мен инимди үйдүн чоң бөлмөсүндө кызыл түстөгү үстөлгө отургузуп скотч менен колу, бутун байладым. Ошол учурда иним менин намысыма тийген сөздөрдү сүйлөдү. Жиним менен текчеде турган атамдын мал сойгондо колдонгон бычагын алып инимди бычактап салдым. Эмне кылып жатканымды билген жокмун. Бирок кантип, канча жолу бычактап салганым эсимде жок. Себеби өзүмдү билбей калдым. Эч ким билбей калсын деп бычакты, булганган футболка менен кийимдеримди үйдөгү дааратканага ыргытып жибердим. Анан кошуна Айнура деген эжеге барып инимдин өлүп жатканын айттым, бирок ага мен кылганымды айткан жокмун", - деп билдирген ал.

Жашы жете элек К.А.нын жасаган кылмышынын күнөөсү ыкчам тергөө тобунун кароосунан жана шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин далилденет. Сурактан кийин К.А. “Балдарды коргоо” боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине тил каттын негизинде өткөрүп берилди.

Учурда соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле басма сөз кызматкери жазылган катка дагы экспертиза дайындалганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kyrgyz_bloger
2019-07-09 19:14:54
Ишениш кыйын 14 жаштагы кыз чон адамдай корсотмо бергени,14 жаштагылар чоноюп калганбы
0
aza84
2019-07-09 19:15:21
Эмне дешти билбейм жаш балдарды каросуз калтырбаш керек
+6
MEN95
2019-07-09 19:58:58
Бул эмне деген шумдук.
+1
bond02
2019-07-09 20:02:19
Неет сынок, это фантастика деген реклама бар беле? 14 жаштагы кыздын намысына тийгидей кандай создор болушу мумкун.
0
karona12
2019-07-09 20:34:08
Кат,кан болгон кийимдер кимдики анда? тан калыштуу го же кызынын кылмышын жашырыш учун ата энеси кылды дейин десен,биринчи кошунасы уккан болуп атат.
+1
raykray
2019-07-09 22:43:25
karona12,эже кийимдерин алмаштырып,анан кошна эжеге барганго,жаман болуптур эх журок лакылдап калды окуп алып(((
+3
Avrora2017
2019-07-09 23:13:17
Тобоо кылдым тобоо кудай сактасын мындай шумдуктан душманымада каалабайм
+1
islan_85
2019-07-09 23:42:03
Сенден балан аркылуу оч алдым деп кат жаздылего бул кимдин идеясы болдукенле а
+2
zhykyo
2019-07-09 23:50:56
Сенден балан аркылуу оч алдым деп кат таштаса МММ тушунуксуз атасын да сурака алыш керек. Кызын кыйнап жургондур атасы ким билет эми. Мумкун ойлонуп кеттим да
+2
farida.kg.1991
2019-07-10 00:28:06
Катты Ким жазган
0
tynara81
2019-07-10 01:17:21
Менин 14 жаштагы кызым, 12 жашта уулум бар. Удаа үчүн көп урушат. Мен да корко баштадым. 14 жаш өткөөл курак. Экөө бир аз уруша кетип байлап салган болушу мүмкүн. Анан иниси байлап салганына ызааланып эжеси чычалай турган сөздөрдү сүйлөгөндүр. Билет да кандай сөздөр жанына батаарын. Ачууга алдырып койгон да кыз. Анан өзүнө келгенде катты, хиджап кийген адамды ойлоп таап, кийимдерин туалетке таштаган да. 14 жаштагы кыз чооң эле кыз болуп калат.
+4
Aimani
2019-07-10 01:33:48
Кыздын психикасы жайында эмес окшойт. Ошончо бычак сайганына караганда.
+3
kyrgyzstan00
2019-07-10 13:03:15
Жоок эми ким билет?Муну атасын суракка алыш керек.же кызы коруп калган олтургон адамды ошол адам каттуу коркутуп койгон кызды мойнуна аласын деп.Озу кошунага барып жатпайбы кыз.Аай жаман эле иш болуптур.Иииий кааап.
+1
Tolik777
2019-07-10 13:36:47
Психикалык оорусу бар сыяктуу. Негизи кичинекей балдар ырайымсыз аябай ачуулу келишет. Азыркы заманда озгочо интернет терс таасирин тийгизип жатат. Мындай окуялар коп эле кездешип келет, бирок ачыка чыга бербейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан