Чүйдүн Токмок шаарында үйлөнүү тойго барып уулангандардын саны 174кө жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ооруканага жалпысынан 174 киши кайрылган. Алардын 78и бейтапканага жаткырылган. Учурда 10 адам ооруканада жатып дарыланууда. Ал эми жүргүзүлгөн текшерүүдө тойго келген коноктор сальмонеллёз (ичеги-карындын оорусу) бактериясынан улам ууланганы аныкталган.
Той өткөн "Мегаполис" рестораны санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин талаптарын толук аткарганга чейин ишин токтотору айтылды.