Бишкектеги дүкөндөрдүн бирине бет капчан кирип тоногон деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 8-июль күнү түнкү саат 03:00 чамасында Элебесов көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринде болгон. Анда бет кап кийген эки жаран сатуучуну бычак жана тапанча менен коркутуп, кассадан 7 миң сомду алып, андан ары изин жашырышкан.
"Бул факты Свердлов РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштери башталып, шектүү катары Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы М.И. жана Талас облусунун 18 жаштагы Б.М. аттуу тургундары кармалган. Алар кармалган учурда жанынан пневматикалык тапанча табылган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги такталууда", - деп жазылат маалыматта.