Бишкек шаарында жеңил атлетчилер арасында лицензиялык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-эл аралык турнир 13-14-июль күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
"Турнирге катышуу үчүн Түштүк Кореядан, Филиппин, Монголия, Түркия, Молдова, Кытай, Вьетнам, Таиланд, Грузия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн спортчулар чакырылган. Аталган турнир лицензиялык деп эсептелип, 2020-жылы Токиодо өтө турчу Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утууга мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылат маалыматта.