Орусиянын Екатеринбург шаарында №012 жана №019 маршруттук таксилердин айдоочулары, Кыргыз жарандары иш таштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 100гө жакын айдоочу айлык акыга нааразы болуп иш ташташкан. Өз нааразычылыктарын Кыргыз жарандары гана билдиришкен, ал эми өзбек, тажик улутундагы мигранттар адаттагыдай ишке чыккан.
Бул тууралуу элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетовага кайрылганыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Бул окуя боюнча маалыматыбыз бар. Екатеринбург шаарындагы консулдукка тапшырма берилди. Алар жакынкы арада айдоочулардын талаптарын угуп, маселени оң жагынан чечкенге аракет кылышат", - деп билдирди Байымбетова.