Бажы кызматы 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен аткезчиликтен казынага 101 миллион сомдон ашык киреше киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринде 623 факт катталды. Бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 102 фактыга жогорулады. Айып санкциялары жана товарлардын наркы 4 миллион 300 миң сом өндүрүлүп, бажы төлөмдөрү 65 миллион 400 миң сомду түздү. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 120 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 25 фактыга көп.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын орду 31 миллион 500 миң сомго толтурулду. Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн жалпы суммасы 101 миллион 200 миң сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.