Бүгүн Кыргыз Премьер-Лигасында "Алай" - "Дордой" беттеши орун алат

Бүгүн, 10-июлда Кыргыз Премьер-Лигасынын 14-турдук оюндары менен экинчи айлампасы жыйынтыкталат. 4 оюн өлкөнүн 3 шаарында өтөт.

Премьер-Лиганын маалыматына ылайык, Ош шаарында "Алай" - "Дордой" беттеши орун алат. Кант шаарында "Абдыш-Ата" - "Нефтчи" жана "Академия-Лидер" - "Кара-Балта" оюндары өтсө, Бишкекте "Алга" "Илбирс" менен ойнойт. Бардык оюндар саат 18:15те башталат.

Мелдеш жадыбалында "Алай" 13 оюндан кийин 34 упай менен 1-орунда келе жатса, "Дордой" 12 оюнда 26 упай топтоп 2-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ArgenMers
2019-07-10 12:23:47
Алай чемпион Буйруса
+1
Flowhive
2019-07-10 13:37:08
Айырмасы эмнеде,ким чемпион?сыртка чыкса эле чемпиондор сууга түшкөн мышыктай
+1
bessmertiy
2019-07-11 00:55:46
Алай-Дордой 1:2 болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан