Жол кырсыгынан каза болгон бала окуган мектептин жетекчиси кызматынан бошотулду

9-июль күнү саат 09:00 чамасында Жайыл районунун Новониколаевка айылында Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны 21 жаштагы айдоочу айдап бара жатып кырсыкка кабылган. Унаа 11 жаштагы баланы сүзүп, жабырлануучу "Тез жардам" кызматы келгенче окуя болгон жерден каза болуп калган.

Кийинчерээк окуучу мектепке эмгек практикасына бара жатып кырсыкка кабылганы маалым болгон.

Ал эми маркум билим алган Жайыл районундагы Новониколаевка мектебинин директору окуядан кийин иштен алынгандыгын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Министрликтен Новониколаевка мектебинин директорун иштен алуу чечимин Жайыл райондук билим берүү бөлүмү чыгаргандыгын кошумчалашты.

"Мектептин директору окуу планды бузган. Анда окуучулардын эмгек практикасы каралган эмес, ал эми директор окуучуларды кээ бир иштерге тартууга буйрук берген" деп билдиришти министрликтен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короосуна токтотулду. Башка бардык тийиштүү иштер Жайыл РИИБи тарабынан аткарылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Deniza88
2019-07-10 16:22:49
а причем тут директор
-2
taalay25
2019-07-10 21:32:10
Deniza88,при том!
0
Nurgazy80
2019-07-10 17:11:25
Директор деген эшекке окшоп, каникулда балдарды мектепке ишке чакырган. Ошонун айынан бала байкуш мектепке баратып кырсык болуп атат
+3
Aizat.sumaia
2019-07-10 19:16:45
Азыр копчулук мектептерде ошондой. Чуй облусунун бир айылында мектепте иштегенмин. Каникулда окуучуларын менен бир жума мектептин айланасын шыпырып тазалайсынар деп тазалатышчу. Ар бир класс жетекчиге график тузуп.
+2
Bekish-
2019-07-10 21:12:34
Биздин мектепте деле ушундай жогорку класстын окуучулары тазалап дубалынан бери оңдоп каникулга кетишет,болбосо аттестат, күбөлүк берилбейт деп
+2
asefsa
2019-07-10 21:28:04
Кылат десе июлдун ортосуна чейин кылып алабы практикасын,майда класстын балдарын июлга жеткизбей эле июндун 10-15теринде эле таркатып жиберчи элего.
+1
nurhan2702
2019-07-12 08:31:36
Байкуш балапан омуру кыска экен окунучтуу. Бирок ажалы айла жок .Директордо эмне куноо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан