Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күбөлөр изделип жатат

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күбөлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"7-июлда таңкы саат 4:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы жол кырсыгынан BMW Х7 жана Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан 4 адам каза болгон. Жол кырсыгы боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүү, кырсык кандайча болгонун аныктоо үчүн көргөн-билгендерди бизге кайрылууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы: (0312) 63-09-00; 63-09-01

Ысык-Көл ОИИБи: (03922) 5-45-05; 5-45-50

Ысык-Көл ОИИБинин тергөө кызматы: (03922) 5-15-55; (0312) 29-40-10; 0705-75-59-88.

7-июлда болгон кырсыктан Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 4 адамдын баары каза болгон. Экөөсү окуя болгон жерден жан берсе, экөөсү ооруканада көз жумду. BMW Х7 унаасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана айдоочу болгон. Алар кырсыктан кийин Бишкектеги 4-ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pchelka85
2019-07-10 11:23:21
Таппайсынар кубону... президенттин кан кудасынын баласы болсо.. депутаттын баласы болсо... кантип табасынар кубону???корсо да коргон жокмун деп кутулат да баары... кимге лишние проблемы керек???!!!
+6
Chungyz
2019-07-10 11:30:45
Куболорго ошол куну кысым болуп тынчыткан издебейле коюш Куноону кайсыл жака коюшунарды билинип турат
+4
rysik79
2019-07-10 11:49:50
Танкы тортто кайдагы кубо. Болор иш болду бул деген кырсык Лексус озу куноолуу деп иш жабылат да калат.
+5
bond02
2019-07-10 11:50:23
Мумкун рульда депутаттын баласы озу болгондур.
+1
Nur777
2019-07-10 14:30:37
bond02,баласы отурган,эми жанындагысына жалынып ага оодарат,а ал чон суммага баарын моюнуна алат,келишим менен жаза алат,эгер алса албетте...же болбосо маркум балдарга оодарышат куноону.
+1
Nur777
2019-07-10 14:28:34
Милицияларга тапшырма берип,видеорегистратордогу видеолорду очурушпосо билинет болчу ким куноолуу экени куболорсуз эле,танкы 4то кубо болбосун сопсонун билип турушуп кубо издеп калгандарын тим эле,иштемиш болушуп калп эле.
Бул дагы жаза албайт,коросунор,Иса Омуркуловдун деле баласы журот го,адамды сузуп олтуруп коюп,спокойно,биир кылы кыйшайбай...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан