Таиландда өтүп жаткан күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун экинчи күнүндө Кыргыз балбаны Нуржигит Кеңешбек уулу финалга чыкты. Ал грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.
Нуржигит Кеңешбек уулу чейрек финалда корей балбанын жеңип, жарым финалда өзбек спортчусун 4:3 эсебинде утту. Финалда анын атаандашы ирандык балбан болот.
Ошондой эле Данияр Шеримбеков (97 килограмм) жана Алмазбек Бегалиев (72 килограмм) коло медалдар үчүн күрөшөт. Ал эми Бекназар Бакытбек уулу (60 килограмм) чейрек финалда жеңилүүгө дуушар болду.