Түркияда октон улам каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүү аракеттери башталды

Түркиянын Алания шаарында октон улам каза болгон 23 жаштагы Муктарбек Иманалиевдин сөөгүн мекенине алып келүү аракеттери башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Иманалиевди 7-июлда белгисиз адамдар атып өлтүрүшкөн. Кылмышка шектүү катары Түрк жарандары кармалган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө, окуянын чоо-жайы такталууда.

"Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу маркумдун сөөгүн Анталия-Стамбул-Бишкек каттамы боюнча мекенине жеткирүү маселесинин үстүнөн иштеп жатат. Анталиядан Стамбул шаарына чейин жол кирени төлөөнү Иманалиев иштеп жүргөн тарап өзүнө алат. Бул маселе ТИМдин туруктуу көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

Маркум 1996-жылы Чоң-Алай районунда туулган. Былтыр үйлөнүп, жубайы менен аталган өлкөгө иштегени кеткени маалым болду. Достору аны жоош, момун, чырдан алыс болчу деп мүнөздөштү. Аталган өлкөдөгү юридикалык компаниянын жетекчиси Нурлан Миртемир уулу "Октон каза болгон Кыргыз жигит жергиликтүү тургундардын урушунун курмандыгы болду" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altai85
2019-07-10 13:58:17
туугандар ушу Туркияга барбай эле койгулачы ХХХХХ
+1
airada
2019-07-11 15:55:17
Байкуш жапжаш кетиптир. Аллахым бейишинен орун берген болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан